Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-майы № 179-б
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенционардык) системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Европа союзу каржылаган жана "СПИД Фонд Чыгыш-Батыш" коомунун Кыргыз Республикасындагы филиалы ишке ашырган "Камакка алынгандарды бошотулганга чейин жана андан кийин социалдык колдоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 231-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- Чүй облусу, Ысык-Ата району, Достук айылы, Фучик көчөсү, № 23 дареги боюнча жайгашкан турак үйдү сатып алууга уруксат берилсин;
- камакка алынгандарды бошотулганга чейин жана андан кийин социалдык колдоо боюнча реабилитациялык борборду сатып алынган үйдүн базасында түзсүн.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган турак үйүн сатып алуу үчүн акча каражаттары "СПИД Фонд Чыгыш-Батыш" коомунун Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан бөлүнөөрү маалымат катары алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ушул буйруктун 1-пунктунда аталган турак үйдү эсепке алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын балансына оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган турак үйдү мамлекеттик каттоого алууга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |