Редакцияот 08.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 8-майы № 182-б

Бишкек шаарында 2012-жылдын 10-11-майында болуучу Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык консультацияларга катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда бекитилсин:

Муканбетов С.Т.

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, делегациянын жетекчиси.

Делегация мүчөлөрү:

Досалиев Н.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин статс-катчысы;

Дүйшеев Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;

Байгончоков М.К.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Мамбеталиева Ж.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Мамбетов К.Б.

-

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Калмамбетов А.И.

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Дербишева Г.Т.

-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Чокоев З.Л.

-

Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Ташбаев У.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору;

Ахматов С.М.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Чолпонкулов Т.А.

-

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен касыз кылуу министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Максутов Н.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Аманкулов М.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору;

Токтомушев К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин директору;

Исмаилов Б.И.

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо мамлекеттик инспециясынын начальниги;

Тургунбаев Ж.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Е.И. Бит-Аврагим

-

"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Малабаев А.Д.

-

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Чомоева К.Б.

-

"Кыргызстандагы Райффайзен кооперативдерин өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун башкармалыгынын мүчөсү (макулдашуу боюнча).

2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан өкмөттөр аралык консультациялардын жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

            Биринчи вице-премьер-министр

А.Карашев