Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-майы № 190-б
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 98-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спиртүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жоюу балансы (1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансындагы активдерди жана милдеттерди кабыл алуу-өткөрүү актысы төмөнкүлөрдүн балансына:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын (2-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (3-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (4-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул буйруктун 2, 3, 4-тиркемелеринде көрсөтүлгөн активдерди жана милдеттерди балансына кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишинин токтотулушун каттасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |