Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-майы № 192-б
Камбарата ГЭС-1ди жана ГЭСтин Жогорку-Нарын каскадын курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуулардын долбоорлору боюнча россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын юстция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн отун-энергетикалык комплекси секторунун эксперти;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун бисары (макулдашуу бошнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин жана ведомстволордун, энергетика жаатындагы башка мамлекеттик органдардын, коммерциялык уюмдардын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |