Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-майы № 203-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында:
1. Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган алмашуу катынын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |