Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-майы № 204-б
Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) 2012-жылдын 30-майында боло турган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин гидрометеорологиялык ишин өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттерде дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык кызмат көрсөтүү рынокторун либералдаштыруу концепциясы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин интефацияланган валюталык рыногун уюштуруу жаатындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- 1998-жылдын 25-ноябрындагы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 2020-жылга чейинки мезгилге мамлекеттер аралык инновациялык кызматташтыктын программасынын оператору жөнүндо жобосу тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өнөр жай жаатындагы кызматташтыгы жана Өнөр жай саясаты боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Туризм боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- 1992-жылдын 9-октябрындагы, Геодезия, картография, кадастр жана жерди дистанциялык зондирлөө жаатындагы Шериктештиктин катышуучу мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- 1998-жылдын 11-сентябрындагы, Токой өнөр жайы комплекси жана токой чарбасы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- 1999-жылдын 13-январындагы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин китепканалар аралык абонемент системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- 2007-жылдын 25-майындагы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрдү инженердик камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарын каржылоонун тартибин регламенттеген Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |