Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-майы № 207-б
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д.Асановдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Өмүралиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Табалдиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы (макулдашуу боюнча); |
Жапаров А.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социадцык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Тойгонбаев Э.Т. | - | Бишкек шаарынын Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлери уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Өмүракунов Э. | - | "Замандаш" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бакашова Ж.К. | - | Кыргыз Улуттук китепканасынын директору; |
Муратбеков К.К. | - | Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Максүтов И.К. | - | Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Кадыров К.К. | - | Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Асанов Д.Д. | - | юбилярдын уулу (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетине бекитүүгө киргизсин.
3. Юбилейдик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |