Редакцияот 23.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 23-майы № 208-б

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен Кытай Элдик-Боштондук армиясынын ортосунда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө 2011-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Макулдашуунун алкагында Кытай Эл Республикасы берген жүктөрдү кабыл алуучу болсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179 жана 239-беренелерине ылайык, жогоруда аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ташып келинген жүктөргө бажы алымдарын, салыктарын жана жыйымдарын төлөөдөн белгиленген тартипте бошотсун.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов