Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-майы № 214-б
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына 50 (элүү) даана сандагы резервдеги мобилдүү турак үйдү өткөрүп берсин;
- аталган мобилдүү үйлөрдү ташуу үчүн атайын техника бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мобилдүү турак үйлөрдү балансына кабыл алсын;
- аларды ташууну жана орнотууну камсыз кылсын;
- ташуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдар министрликтин каражатынын эсебинен төлөнсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |