Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-майы № 220-б
Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) 2012-жылдын 27-29-майында болуучу "Датка Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоору боюнча Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчиси; |
Кулубаев Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси; |
Малабеков З.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Максүтов Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары; |
Түмөнбаев А.Р. | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
2. Делегациянын жетекчисине "Датка Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун ишке ашырууга карата сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |