Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 7-декабры № 577-б

2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында (Корея Республикасы) боло турган Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-корея комиссиянын (мындан ары - Комиссия) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Калмамбетов Автандил Исмаилович

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

 

Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич

- Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

 

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Каденова Зууракан Ажимаматовна

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

 

Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

 

Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

 

Ташиев Жапаркул Актаевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;

 

Тынаев Нурдин Раатбекович

- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору;

 

Сыдыгалиев Ринат Болотбекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

 

Турдиев Тахир Ширович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын эл аралык салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы;

 

Качкынбай кызы Жылдыз

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Комиссиянын катчысы.

 

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев