КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-декабры № 583-б
Кумшекерди сактоо мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2006-2007-жылдары сактоого коюлган 87,4 тонна кумшекерди белгиленген тартипте мамлекеттик резервден брондон чыгарсын;
- кумшекерди Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент белгилеген баада сатсын;
- кумшекерди сатуудан түшкөн акча каражатты республикалык бюджетке которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент брондон чыгарылган кумшекерге дүң бааны белгилесин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |