Редакцияот 12.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-декабры № 589-б

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2012-жылдын 14-18-декабрында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин кезектеги жыйындарына катышуу, ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Оторбаев Жоомарт Каипович*

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице- премьер-министри, делегациянын башчысы;

 

Ибраимова Чолпон Ибраимовна

- КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;

 

Усупов Үсөн Макаевич**

- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;

 

Сыдыкова Гүлмира Ракыевна***

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

 

Көчкөнов Казыбек Маматкасымович

- Россия Федерациясынын бажы кызматынын алдындагы Кыргыз Республикасынын бажы кызматы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

 

Турсункулов Кайрат Эркинович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси.

 

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Эскертүү:

(*) - 2012-жылдын 13 - 18-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарына, 2012-жылдын 15-декабрынан тартып Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилет;

(**) - 2012-жылдын 17 - 18-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет;

(***) - 2012-жылдын 12 - 14-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев