КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-декабры № 597-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 35-б буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесинде:
3-главасы:
- төмөнкү мазмундагы элүү экинчи - элүү алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Республикалык топурак-агрохимиялык станция" (РТАС)
"Кант ТШП" жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы - чарбалык башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы "Кара-Балта суу каналы" муниципалдык ишканасы";
акыркы абзацында "440" цифралары "445" цифраларына алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |