Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-декабры № 593-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругуна редакциясыны ылайык)
Кыргыз Республикасына жаратылыш газын жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратууга жол бербөө жана 2012/2013-жылдын жылытуу мезгилинен үзгүлтүксүз өтүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына төмөнкү шарттарда 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин:
- бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү 2015-жылдын 30-апрели чейин белгиленсин;
ссуда пайызсыз, күрөөлүк камсыздоону тариздөөсүз;
төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз өлчөмүндө айып белгиленсин;
- белгиленген тартипте "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кароочу тиешелүү Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругуна редакциясыны ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы:
100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү алынган бюджеттик ссуданы "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карызын тындырууга гана жумшасын;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мөөнөттө кайтарып берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |