Редакцияот 31.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 31-декабры № 612-б

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелген долбоорлор жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Союзунун ортосундагы Ядролук Коопсуздук боюнча Жылдык аракет программасы 2011-II бөлүк (Ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык каражаты): "KG4.01/11: Миң-Куш уран өндүрүшүнүн мурунку объектисинин Курчап турган чөйрөгө таасирин комплекстүү баалоо (КЧКБ) жана Реабилитациялоонун техникалык-экономикалык негиздемесинин (ТЭН)" алкагындагы Финансылык макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Союзунун ортосундагы Ядролук Коопсуздук боюнча Жылдык аракет программасы 2011-II бөлүк (Ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык каражаты): "KG4.01/12: Шекафтар уран өндүрүшүнүн мурунку объектисинин Курчап турган чөйрөгө таасирин комплекстүү баалоо (КЧКБ) жана Реабилитациялоонун техникалык-экономикалык негиздемесинин (ТЭН)" алкагындагы Финансылык макулдашуу.

2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда көрсөтүлгөн Финансылык макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев