Редакцияот 29.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 29-октябры № 517-б

2012-жылдын 29-3-1-октябрында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп берүүчү Улук кызмат адамдарынын комиссиясынын жыйынын жана Министрлер кеңешин өткөрүүгө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджета жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ушул министрлик үчүн каралган каражаттардын чегинде, сметалык арналышын коррекциялоону жүргүзүү менен 1 758 425 сом суммасында каржыласын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп берүүчү Улук кызмат адамдарынын комиссиясынын жыйынын жана Министрлер кеңешин өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды чыгымдардын сметасына ылайык жүргүзсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев