Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-январы № 2-б
Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги, анын ичинде жаңы үлгүдөгү документтерди биометриялык технологияларды колдонуу менен киргизүү жана алардын негизинде заманбап жабдууларды пайдаланып документтерди жекелештирүүнүн автоматташтырылган системасын түзүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
А.Н.Шыкмаматов | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Комиссиянын төрагасы;
|
Э.Т.Сапарбаев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
А.К.Шаикова | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Ж.Ж.Мамбеталиева | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
З.А.Каденова | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Б.Б.Жусубалиев | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Ж.А.Капаров | - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
|
А.Э.Курманова | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-секретарынын милдетин аткаруучу;
|
А.К.Исаев | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
|
Б.К.Сыдыгалиев | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Коррупцияга каршы кызматынын директору;
|
Баяман Нурлан | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Б.Д.Элебесов | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Э.Ж.Байсалов | - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
|
Г.К.Жоробаева | - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Н.М.Тулегабылов | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
М.И.Жакыпбаев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
|
О.А.Абдыкаимов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
А.Б.Уманкулов | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
|
А.С.Иманбаев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун биринчи орун басары;
|
Ч.И.Жакупова | - «Адилет» укук клиникасы» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
|
К.А.Муканов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия мамлекеттик маанидеги, анын ичинде жаңы үлгүдөгү документтерди заманбап биометриялык информациялык технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен киргизүү маселесин эки айлык мөөнөттө изилдесин жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардын, мекемелердин адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 412-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |