Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-январы № 6-б
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы сатып алуучу уюм болуп дайындалсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын атынан Алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоого жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүүгө тендерди жеңип алуучу менен келишимге кол коюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Масалиев Исхак Абсаматовичке ыйгарым укук берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |