Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-январы № 7-б
1. 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын (мындан ары - Орто мөөнөттүү программа) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;
- ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Орто мөөнөттүү программанын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2013-жылдын 1-мартына чейин белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары:
- Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыгуунун графигин, түзүмүн, тиркемелердин форматын, ошондой эле бөлүмдөрүн жазууга карата стандарттуу талаптарды даярдасын;
- жарандык сектордун жана донордук коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылсын;
- эл аралык донор уюмдардын колдоосунда көз карандысыз улуттук эксперттерди ишке тартсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын (төрагасынын орун басарынын) сурамы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Орто мөөнөттүү программанын долбоорун түзүү үчүн материалдарды даярдоонун сапатына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |