Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-январы № 12-б
Кыргыз Республикасында 2013-жылдын II кварталына белгиленген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча конференцияны (мындан ары - Конференция) өткөрүүнү өз убагында жана сапаттуу уюштуруу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча);
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча).
2. Конференцияны даярдоо жана өткөрүү алкагында республиканын тийиштүү министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын ишин координациялоону ишке ашыруу жумушчу топко жүктөлсүн.
3. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө Конференциянын программасын, Конференцияны уюштуруу боюнча иш-чаралар планын даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишинде көмөк көрсөтүшсүн.
5. Жумушчу топтун иштерин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |