Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-январы № 14-б
Нарын облусундагы Жумгал районунун аймагында жайгашкан Кабак көмүр бассейни кениндеги кырдаалды текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде 2012-жылдын 23-августунда болгон кеңешменин № 13-33 протоколун аткаруу үчүн:
1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сатымбаев А. С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Асанов С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү:
Салымбеков М.М. | - | КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Самаков К.С. | - | "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Рыспаев К.Д. | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сабиров М.Э. | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Арапбаев А.А. | - | "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Молдокеев О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чыгыш региондор аралык башкармалыгынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Кадыров А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысы акимдин биринчи орун басары; |
Каптагаев Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин оперкызматкери; |
Калыбек у. Болот | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл - Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальнигинин басары; |
Осмоналиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын Нарын облусу боюнча бөлүм начальниги; |
Ирисов И.И. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешелер башкармалыгынын жеке адамдар менен иштөө боюнча сектор башчысы; |
Шалтаев Ы.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Абдиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары; |
Сарымсаков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын коргоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Ашырбаев З.Ы. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абдибаитов Ш. | - | Кыргыз Республикасынын кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынан көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- көмүр казуу жана негизги керектөөчүлөргө, ошондой эле инфраструктуралык объекттерге ташып жеткирүүнүн өндүрүштүк процесстерин иликтесин;
- бюджетке социалдык, салыктык жана башка чегерүүлөр боюнча ишканаларды текшерүүнү жүргүзсүн;
- курчап турган чөйрөнү коргоо, өнөр жай коопсуздугу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарды сактоону, ошондой эле Кабак көмүр бассейни кенинен көмүр казып алуучу ишканаларда бюджетке социалдык, салыктык төлөөлөрдү жана башка чегерүүлөрдү ар тараптуу изилдесин;
- комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган иштер жөнүндө отчет берсин жана Кыргыз Республпкасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Комиссияга төмөнкү укуктар берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Командировкага байланыштуу чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |