Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-январы № 21-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашуунун жоболорун эске алуу менен Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун жана эксплуатациялоонун долбоорун ишке ашырууда үчүнчү мамлекеттердин мүмкүн болгон катышуусу жөнүндө маселени иштеп чыгуу максатында:
1. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана эксплуатациялоо долбоорунда үчүнчү мамлекеттердин мүмкүн болгон катышуусунун шарттарын толук талкуулоо үчүн жумушчу топтун кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Калиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси; |
Бешимов А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Жайлообаев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары; |
Жумабеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Авазов С.А. | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айткулов М.А. | - | "Кыргызстандын УЭТ" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчисине, ал эми ал жокто - жумушчу топтун жетекчисинин орун басарына жогоруда аталган жумушчу топтун жыйындарынын натыйжалары боюнча тийиштүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчисине белгиленген тартипте министрликтердин жана ведомстволордун, энергокомпаниялардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |