Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-февралы № 24-б
1. Бишкек шаарында 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |