Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 4-февралы № 27-б
Евразия экономикалык шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 602 чечими менен бекитилген "Уран казуучу өндүрүштүн таасирине туш болгон, ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруу, ошондой эле уран калдыктарынын айлана-чөйрөгө таасир этүү коркунучун азайтуу, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш поселкасынын жана Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай поселкасынын аймагындагы калдык сакталган жайларды рекультивациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин аталган Программаны ишке ашыруу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 1 676,3 (бир миллион алты жүз жетимиш алты миң үч жүз) россия рубли суммасында каржыласын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоого 2013-жылга ЕврАзЭСтин бюджетине 1 676,3 (бир миллион алты жүз жетимиш алты миң үч жүз) россия рубли суммасында акча каражатын которсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |