Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-февралы № 34-б
Кыргыз Республикасында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жана контролдоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- этил спиртин жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө карата сунуштарды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын (макулдашуу боюнча), Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр ассоциациясынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзсүн;
- жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жана контролдоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |