Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-февралы № 36-б
Кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүүдө, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдө сиңирген өзгөчө эмгегин таануу иретинде:
1. Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - Ван Кайвэнь Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин каражаттарынын эсебинен каржылансын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |