Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-февралы № 37-б
Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-14-февралында болуучу Европа союзунун жана Борбордук Азиянын "Курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо жаатында кызматташтык платформасы" деп аталган жогорку деңгээлдеги төртүнчү конференциясына катышуу үчүн:
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Атаджанов Сабир Садыкджанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, делегациянын башчысынын орун басары; |
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Узакбаев Чынгысбек Макишевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; |
Оторбаев Эринес Мотойович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары. |
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |