Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-февралы № 40-б
Женева шаарында (Швейцария) 2013-жылдын 18-19-февралында болуучу расалык кемсинтүүлөрдү жоюу боюнча БУУнун Комитетинин 82-сессиясына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Искакова Гүлнара Тентиевна | - | Женева шаарында БУУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү; |
Конкошев Нурлан Мукамбеткалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын прокурору (макулдашуу боюнча); |
Алиева Гүлсара Мидиновна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык саясат жана өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Тыныбекова Нурайым Талантбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин кеңешчиси; |
Айдит Эркин | - | Женева шаарында БУУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси; |
Алтымышева Алмаш Дүйшөновна | - | Женева шаарында БУУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси. |
2. Жогоруда аталган иш-чараларга катышуу менен байланышкан бардык чыгымдар Кыргыз Республикасындагы БУУнун агенттиги тарабынан (макулдашуу боюнча) төлөнөт.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |