Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-февралы № 42-б
Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешине Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, 94 дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратындагы ээлеген жайларын коммуналдык кызматтарды жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен, кайтарымсыз пайдалануу келишиминин шарттарында белгиленген тартипте бекитип берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |