Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11 -февралы № 31-б
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-июлундагы № 102 "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары менен белгиленген тартипте субкредиттик макулдашууну төмөнкүдөй шарттарда түзсүн:
- кредиттин суммасын милдеттүү күрөөлүк камсыздоо менен (сатып алынган жабдуулар түрүндө: насостор, аба үйлөгүчтөр, суу түтүктөрү, суу ченегичтер ж.б.) ар бир шаар үчүн 3,0 млн. евро өлчөмүндө белгилеп;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - Euridor +- 1% жана маржа 0,5%;
- пайыздарды төлөө жыл сайын 23-апрелде жана 23-октябрда жүргүзүлөт;
- кредиттин негизги суммасы 24 барабар бөлүктө жарым жылда 1 жолу жыл сайын 23-апрелде жана 23-октябрда төлөнөт, мында кредитти биринчи төлөө - 2014-жылдын 23-апрелинде жана кредитти жабуунун акыркы датасы -2025-жылдын 23-октябрында;
- төлөмдү кечиктирген учурда, айып мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып ушул карызды толук жапкан датаны кошконго чейинки айып -Euridor + жылдык 5%;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5% өлчөмүндө комиссиялык төлөө;
- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1% комиссия.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |