Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-февралы № 46-б
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт, Кызыл-Туу жана Жылгын айылдарынын эли менен Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун администрациясынын ортосунда болуп, анын туруктуу иштешине терс таасирин тийгизип жаткан абалды изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Атажанов С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Чалов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармасынын начальниги; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экологиялык коопсуздук башкармасынын начальниги; |
Байтилешов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары; |
Бурханов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Жер пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Торобеков Б. | - | Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Темиров Ч.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы; |
Алымкулов Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар куруу жана аймактарды өнүктүрүү башкармасынын шаар куруу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Абдылдаева Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кооперацияны жана илимди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Эрмеков Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын начальниги; |
Бекмырзаев К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун директору. |
2. Ведомстволор аралык комиссия Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт, Кызыл-Туу жана Жылгын айылдарынын эли менен Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун администрациясынын ортосунда болуп, анын туруктуу иштешине терс таасирин тийгизип жаткан абалды эки айлык мөөнөттүн ичинде изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |