Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-февралы № 49-б
Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен өз убагында жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен «De La Rue International Limited» компаниясынын ортосунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS (ТМ) плёнкаларын, 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (Teslin (ТМ) жана Ламинат) даярдоого жана жеткирүүгө түзүлгөн Контрактка (мындан ары - Контракт) расмий тилде тиркелген № 2 Кошумча макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Контрактка № 2 Кошумча макулдашуу боюнча төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын жабык эсебинин каражаттарынан жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Контрактка № 2 Кошумча макулдашууга кол коюуда принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |