Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-февралы № 52-б
Билим берүү тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү жоболорду аныктоого жана четтетүүгө багытталган билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, маданият жана спорт боюнча комитетинин 2012-жылдын 18-сентябрындагы "Бишкек шаарындагы айрым билим берүү уюмдарындагы иштердин абалы жөнүндө" чечимин көңүлгө алуу менен:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Абарбекова Аида Мырзашевна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Сарбалиев Анарбай Шаботоевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укук, мамлекеттик жана кадр кызматы башкармалыгынын начальниги; |
Үсеналиев Марат Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын начальниги. |
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө билим берүү тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү жоболорду билим берүү жөнүндө мыйзамдардан четтетүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте ишке министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |