Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-февралы № 54-б
Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-28-февралында болуучу "Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору" боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Аманбаева У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Адамкулова С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Куйкеев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Нарматова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Торобеков Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шакирова Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору; |
Элебесов Б.Д. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |