Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-февралы № 55-б
Ата-мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, экспортту өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салыктык жана бажылык түшүүлөрдү алуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмеси төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Абдыш-Ата" ЖЧКсы (Кант шаары, ИСН № 03005200010100).".
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Абдыш-Ата" жоопкерчилиги чектелген коомго анын жогоруда аталган Тизмеге киргизилгендиги жөнүндө расмий түрдө билдирсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |