Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-июну № 239-б
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу чыгарууну өнүктүрүү программасынын (мындан ары Программа) долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору, жумушчу топтун катчысы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Жамааттарын өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Ичүүчү сууну керектөөчүлөр союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу чыгарууну өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси:
- Программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин графигин даярдасын;
- жарандык сектордун жана донордук жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Программанын долбоорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- Программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;
- Программанын долбоору иштелип чыккан учурдан тартып бир айдын ичинде аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
5. Жумушчу топ зарыл учурда эксперттик топ түзүүгө жана ишке мамлекеттик органдардын адистери менен көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
6. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча керектүү маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |