Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну № 248-б
Чүй облусундагы Чүй жана Ысык-Ата райондорунун билим берүү жана социалдык мекемелеринен чыгарылган радиоактивдүү көмүрдү Казакстан Республикасына жүктөөнү жана жөнөтүүнү ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Казакстан Республикасына радиоактивдүү көмүрдү жүктөөнү жана жөнөтүүнү ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 589249 (беш жүз сексен тогуз миң эки жүз кырк тогуз) сом бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын, мында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Казакстан Республикасына радиоактивдүү көмүрдү жүктөөнү жана жөнөтүүнү ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине зарыл болгон жардам көрсөтүшсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |