Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-июну № 260-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 7-декабрындагы № 1394-V "Генерал Ы.Монуевдин 110 жылдык юбилеи жана элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна ылайык, генерал-лейтенант Ы.Монуевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Мамырова Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Бекматов А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Калмаматов Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Келдибеков А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кутушев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Рыскулова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; |
Мусаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Жапаров А.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; |
Сүйөркулов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары; |
Чоткараев Д.О. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Жээнбеков С.Ш. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Мырзакматов М.Ж. | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Матраимов Т.И. | - | Ош облусундагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Сарыбашев Т.Н. | - | Ош облусундагы Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Оторбаев К.Т. | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Камалов С.М. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Арыпбеков М.Ш. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Монуев А.Ы. | - | Ы.Монуевдин уулу (макулдашуу боюнча); |
Монуев О. | - | Ы.Монуевдин иниси (макулдашуу боюнча); |
Жумабаев Б.М. | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана регион таануу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча); |
Тынчтыкбек Чоротегин | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Камбаров Н.К. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Карасартов А. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Ош облусундагы Алай районунун мамлекеттик администрациясы бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 7-декабрындагы № 1394-V токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацын аткарууну уюштурушсун.
3. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитсин.
4. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар республикалык бюджетте каралган бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |