КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июну № 268-б
Мамлекеттештирилген объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгында андан ары натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттештирилген объекттерди төмөнкү ведомстволордун балансына өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине - Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорттук аренасынын түштүк жана батыш бөлүктөрүндөгү курулмалардын жайларын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасына - Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дареги боюнча жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын түндүк тарабындагы турак эмес жай - кошумча курулушту.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объекттерди белгиленген тартипте өз балансына кабыл алышсын;
- бир айлык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объекттерди кармоо боюнча чыгымдарды тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде жүргүзүшсүн;
- 2012-жылдын ичинде квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго мамллекеттештирилген объекттерди пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди арналышы боюнча пайдаланууга контролдоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |