Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-июну № 272-б
2012-жылдын 20-24-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өтө турган Рио+20 туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги БУУнун Конференциясынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Оторбаев Жоомарт Каипович(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Джумалиев Муктар Кабылбекович | - | Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Жусупов Улан Калыгулович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; |
Карабаева Мадина Эднановна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин биринчи катчысы; |
Бурханов Айткул Мустафаевич | - | Кыргызстандын токой пайдалануучулары жана жер пайдалануучулары ассоциациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Асылбек Акматбекович | - | Кыргызстандын эл аралык университетинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Коротенко Владимир | - | "БИОМ" өкмөттүк эмес экологиялык уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдогазиева Калия Сарбаевна | - | "Өмүр дарагы" өкмөттүк эмес экологиялык уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абайханова Зухра Ойсуловна | - | Климаттын өзгөрүүсү боюнча борбордун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Абдрасулова Нурзат | - | "Юнисон" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Рио+20 туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун Конференциясынын ишине Кыргыз Республикасынын делегациясынын өз убагында жана толук катышуусу: аккредитациялоо, визаны тариздөө, делегация мүчөлөрүн жайгаштыруу, пленардык сессияларда сүйлөп чыгуу, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана башка уюштуруу маселелери боюнча уюштуруучулук колдоо көрсөтсүн.
(*) - командировкалык чыгымдарды төлөө БУУнун Өнүгүү программасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |