Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-июну № 275-б
1. Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигинин 70 жылдык юбилейине арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Бабанов Ө.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; |
Рыскулова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Өмүралиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; |
Казакбаев Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Алымкулов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри; |
Султанов К.И. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Курманалиева К.А. | - | Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор; |
Осмоналиев А.Д. | - | Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким; |
Асанбеков Т.А. | - | Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбаев айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Сыдыков Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдрахман уулу Ш. | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү ЭлТР телерадиоберүү компаниясынын башкы директору. |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |