Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-июну № 276-б
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 70 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Осмоналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кудайбердиева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жакиев Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Акрамов Э.Х. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Салымбеков А.М. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саламатов Т.С. | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору. |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин 2012-жылга бюджетинин, тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, демөөрчүлүк жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу менен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |