Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июну № 277-б
Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2012-жылдын 19-23-июнунда болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин кезектеги жыйындарына, XVI Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, делегация башчысы; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Ибраимова Чолпон Ибраимовна | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү; |
Усупов Үсөн Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; |
Турсункулов Кайрат Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эксперти; |
Абдиев Таалайбек Калибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы (Россия Федерациясы) ардактуу консулу. |
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Панкратов Олег Михайловичке КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жогоруда аталган жыйындарынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |