КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июну № 280-б
"Фермерлерге арзан кредит-2" долбоору боюнча калктан түшкөн кайрылууларды иликтөө, ошондой эле калган 300 млн. сом кредитти натыйжалуу бөлүштүрүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рыскулова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Чокоев З.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Эшенов А. | - | Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек ш., Чүй-Талас областары боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча); |
Жумалиев А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Маматов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун карыздарды өндүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Нарусбаева У.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Капаров М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн эксперти; |
Алыбаев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн эксперти; |
Ташболотов М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти. |
2. Ведомстволор аралык комиссияга "Фермерлерге арзан кредит-2" долбоору боюнча кредиттерди берүү жөнүндө калктан түшкөн кайрылууларды иликтөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин тартуу менен жер-жерлерде жумушчу топторду түзүүгө укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө кредиттерди берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо жана калган 300 млн. сом кредитти натыйжалуу бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |