Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-июну № 285-б
"Ысык-Көл - 2012" жайкы туристтик сезонунун башталгандыгына байланыштуу:
1. 2012-жылдын 23-июнунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы шаардык ат майданында ат-спорттук оюндары өткөрүлсүн.
2. Ат-спорттук оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рыскулова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; |
Жаныбеков А.С. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Асанакунов М.А. | - | Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
|
| Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: |
Насирдинов Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Имангазиев Р.А. | - | Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Шалпыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Эргешева А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту түрлөрү федерациясынын башкы катчысы (макулдашуу боюнча); |
Мамытов С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту федерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Иманов К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы асыл тукум инспекциясынын начальнигинин орун басары; |
Каназаров С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы. |
3. Уюштуруу комитети ат-спорту оюндарын өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Иш-чараны өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |