Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-июну № 295-б
"АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун акционерлеринин доосу боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык арбитраждарда укуктук коргоону камсыз кылуу максатында:
1. Ведомстволор аралык тендердик комиссиянын протоколдук чечиминде көрсөтүлгөн "Winston & Strawn LLP" юридикалык фирмасы эл аралык арбитраждарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө торуктардын жеңүүчүсү деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү мүнөздөгү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык арбитраждарда көрсөтүү боюнча юридикалык кызматтарды көрсөтүү үчүн "Winston & Strawn LLP" юридикалык фирмасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана келишим түзүүгө ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- эл аралык арбитраждарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча "Winston & Strawn LLP" юридикалык фирмасынын кызматтарына акы төлөөгө финансылык каражаттарды кароо бөлүгүндө "2012-жылга республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте даярдасын;.
- эл аралык арбитраждарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча юридикалык кызматтарды көрсөтүү тууралуу түзүлгөн келишимге ылайык "Winston & Strawn LLP" эл аралык юридикалык фирмасына 26630 "Соттун чечимдерин жана башка соттук жол-жоболорду аткаруу" беренеси боюнча акы төлөөнү жүргүзсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |