Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-июну № 296-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т. Бабановдун 2012-жылдын 4-6-июнунда Түркия Республикасынын Стамбул шаарында болуучу Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Борбордук Азия боюнча Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумуна катышуусун даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунана 1319639 (бир миллион үч жүз он тогуз миң алты жүз отуз тогуз) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |