Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 27-июну № 303-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна ылайык, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исамидинов И. | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кулуев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары; |
Орозбеков М.О. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Оторбаев К.О. | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдрахман уулу Ш. | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; |
Орунбеков Б.О. | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Т.М. | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору башкы редактор; |
Үсөнбаев М.А. | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Усубалиев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маданият, туризм жана спорт секторунун башчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бир жумалык мөөнөттө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Иш-чараны өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган мамлекеттик органдардын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атайын каражаттарынын чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |