КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-июну № 306-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы үчүн 2012-жылдын 31-июну жумуш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын агент-банктарына белгиленген тартипте 2012-жылдын 30-июнун жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |